Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Д.Садырбаевди эскерүү болду


Иш-чаранын уюштуруучуларынын маалыматы боюнча эскерүү кечеси Бишкектеги кыргыз киносунун үйүндө болду. Анда Д. Садырбаевдин өмүрү, чыгармачылыгына жана ишмердүүлүгүнө арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Саясатчылар, маданият кызматкерлери маркумду эскерип сөз сүйлөштү. Иш-чарага Д. Садырбаев менен анын өмүрүнүн акыркы убактарында үзөңгүлөш болуп калган оппозициялык партиялардын лидерлери, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катышты. Вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Д. Садырбаевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу китеп чыгарууну сунуштады. Ушундай эле демилгени Мамлекеттик маданият агенттигинин жетекчиси И. Жунусов да айтып, кубаттоого алды.

Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, белгилүү коомдук-саясий жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаев азыркы бийликке оппозицияда болуп, аны кескин сынга алып келген. Ал 2008-жылы 28-майда ооруканада каза тапкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG