Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Кыргызстанда киберкылмышкерлер менен күрөшүүчү уюм жок


Баш прокурор Нурлан Турсункуловдун айтуусунда IT тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшүүчү уюм түзүү үчүн кадрлар жетишпейт. Анын айтуусунда банктарды, Коопсуздук кызматын, прокуратура жана башка күч органдардын электрондук каражаттарын ар кандай чабуулдардан коргоочу орган, кызмат зарыл. Н. Турсункулов прокуратура органы да мына ушунун айынан толук түрдө электрондук түргө өтө албай жатканын кошумчалады. Анын айтуусунда прокуратурада ар кандай жашыруун документтер бар, буларды хакерлерден коргоого азырынча эч кандай кепилдик жок.
Өткөн жумада ЖК депутаты Бегалы Наргозуевдин парламенттеги компьютерине күчтүү вирус кирип, андагы болгон маалыматтардын бардыгын жок кылып салган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG