Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Эки фракция башчылары Венага кетишти


18-19-февралда ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйыны өткөн атат. Кыргызстандан бул жыйынга катышуу үчүн Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов менен СДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева кетишти. Роза Отунбаеванын кечээ “Азаттыкка” билдиргенине караганда жыйында Саясий, экономикалык, экологиялык жана илимий маселелер талкууланган атат. Эртеңки отурумунда ЕККУнун парламент ассамблеясы Ооган маселесин жана гендер саясатын талкуулаган атат. (BuS)

XS
SM
MD
LG