“Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун бүгүн Коммунисттер фракциясы карап, колдоду. Долбоордо Кодекстин 16 жашка жете электерге карата сексуалдык жана башка аракеттер жөнүндөгү132-беренесине, жашы жете электерге бузукулук аракеттер жөнүндөгү 133-беренесине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык аталган кылмыштарды жасаган жарандар азыркы мыйзамдагыдай 3 жылга чейин эмес, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Долбоордун демилгечиси, депутат Ирина Летованын билдиргенине караганда 2008-жылы Кыргызстанда 2 миңден ашык бала зордук-зомбулукка кабылган. Алардын 22си мерт болуп, 49 бала дарексиз жоголгон. Мунун себебин депутат жашы жете элек балдарга зордук-зомбулукту жакындарынын өздөрүнүн жаап-жашырып коюп жатышынан көрөт. (BuS)