Тибеттин сүргүндөгү руханий жол башчысы АКШнын президенти менен Вашингтондо учурашат. Кытай бул жолугушууга каршы чыккан. Далай Лама Тибеттин өз алдынчалыгын көздөйт деп шектенген Кытай бийликтери ар дайым анын иш-аракеттерин чектөөгө далалаттанат. Далай Лама Тибеттин автономиясын кеңейтүүнү гана кааларын айтып келет.