Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Орусиянын Абхазияда аскер базасы болот


База тууралуу келишимге бүгүн Маскөөдө эки тараптын коргонуу министрлери кол коюп, салтанатка орус президенти Дмитрий Медведев жана абхаз президенти Сергей Багапыш катышты. Грузиядан өз алдынчалык жарыялаган жумурияттын коргонуу министринин орун басары Гарри Купалбанын Ройтерс агенттигине кабарлашынча, жаңы база жакын арада курулуп, анда азыр жумурияттын аймагында турган 3 миңдей орус аскер жайгаштырылат. Абхазияны жана дагы бир сеператисттик Түштүк Осетия жумуриятын Орусия көз карандысыз өлкөлөр деп тааныган. Грузия база тууралуу жаңы пландарды мыйзамсыз деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG