Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Г.Афонина: Бир айда офицер наамын алууга каршыбыз


Кыргызстандагы "Аскерлердин энелери" коомдук бирикмеси Коргоо министрлигинин окуу борборлорунда окуп, бир айда офицер наамын алууга каршы чыгышууда. Алар бул тууралуу бүгүнкү билдирүүсундө айтышкан. Билдирүүдө “Ушул убакыкттын ичинде атканды жана гранат ыргытканды үйрөнүүгө мүмкүнбү? Ал эмес аскерге чакырылган балдар турникке тартына албай, илинген чучуктай турушканын көрүп жатабыз. Ал кандай офицер болуп, кантип мекенди коргойт?” - деп жазылган.

Кыргыз өкмөтү жогорку окуу жайлардагы аскердик факультеттерди жана кафедраларды жойуу тууралуу жардыкка ушул жылдын январь айында кол койгон. Ага ылайык, Коргонуу менен Билим берүү жана илим министрликтерине университеттерде аскердик факультет жана кафедраларга студенттерди чогултууну 2010-жылдан баштап токтотууга милдеттендирилген. Мындан сырткары студенттер аскердик билет алыш үчүн он эки миң сом төлөп Кыргызстандагы аскердик бөлүктөрдө бир ай, офицер наамын алуу үчүн дагы он эки миң төлөп, дагы бир ай окушу керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG