Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

«БИОМ» экокыймылы экологиялык таза дааратканаларды курууда


«БИОМ» экологиялык кыймылынын адистери Чүй областынын Новопокровка жана Чүй орто мектептеринде мугалимдер жана техникалык кызматчылар үчүн экосан-дааратканаларды куруп беришти. Мындай дааратканалардын артыкчылыгы – эч нерсе сыртка чыкпайт, эч нерсе булганбайт, бардык таштандылар санитардык иштетүүдөн өткөрүлүп, кургатылып, жер семирткич катарында пайдаланылат.

Аталган экологиялык кыймыл WECF (Европанын аялдары келечекти бирге курат) эл аралык уюму менен биргелешип, «Кыргызстандын коомдоштору – экологиялык коопсуздук үчүн» деген ураан алдында экологиялык коопсуздук долбоорун ишке ашырууда. Долбоор алкагында алдыңкы экологиялык санитардык технологияны колдонуу, иче турган суунун сапатын жакшыртуу жана кубаттын альтернативдүү түрлөрүн колго алуу каралган. Бул долбоор Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланууда.

Чүй областындагы Чүй жана Новопокровка айылдары, Ысык-Көл областындагы Кабар жана Ак-Терек айылдары долбоорду ишке ашыруу үчүн пилоттук айыл катары тандалып алынган. Аталган айылдарда адегенде экологиялык комитеттер түзүлүп, алар өздөрүнүн аймагында экосанитариянын принциптерин ишке ашырууну колго ала башташты. Айыл жеринде таза суу тартыштыгы, таза даараткана курч турган маселе эмеспи. Ошондуктан айылдык активисттердин колдоосу астында бул жакта экологиялык таза дааратканаларды курууга орчундуу көңүл бурулуп жатат. (KC)

XS
SM
MD
LG