Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Кыргызстан-АКШ мамилеси боюнча сүйлөшүү болду


Бүгүн президент Курманбек Бакиев АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрукту кабыл алды.
Өз сөзүндө мамлекет башчы Кыргызстан кыргыз-америка мамилелеринин өнүгүшүнө, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын белгиледи.
Ошондой эле өлкөдөгү абал туурасында кыскача сөз кылып, дүйнөлүк каржы-экономикалык кризиске карабастан, республика экономикалык өсүш темпин түшүрбөй, ал гана эмес бир аз өсүш деңгээлине жетишкендигин айтты. Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу системасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, алардын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.
Жооп сөзүндө АКШнын Афганистан жана Пакистан боюнча Атайын өкүлү Ричард Холбрук АКШ президенти Барак Обама жана АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон мамлекет башчысына салам жолдоп, бакубаттуулук каалашкандыктарын айтты. Анын сөзүнө караганда, АКШ Кыргызстан менен өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар жана бул иш сапар АКШнын республика менен кызматташтыгын улантуусунун бир бөлүгү болуп саналат.
Жолугушуу учурунда Ооганстандагы абал, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жолдору туурасында пикир алышуу болду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG