1-февралдан бери Кытай-Казакстан чек арасындагы Харгост бажы бекетинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташып келаткан 60тан ашуу автомашиналар өткөрүлбөй кармалып турат. Алардын ар биринде 20-30дай тонна товарлар бар. Ошондон эле Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы Конусбаев бажы бекетинде дагы Арап Эмираттары, Иран, Түркиядан жүк тартып келаткан 50 чакты автомашиналар да 1-февралдан бери Кыргызстанга келалбай турушат. Алардын ар биринде 20 тоннадан жүктөр бар. Казакстан Кыргызстанга транзиттик жол бербей жатканынын себебин айта элек. Женева конвенциясы боюнча жүк салынып чыккан жерден жүк жеткенге чейин товарлар текшерилбейт. Айрым адистер Казакстандан Кыргызстандык ишкерлерге тиешелүү жүктөрдү өткөрбөй жатышын Орусия-Казакстан жана Белорус түзмөк болуп аткан экономикалык бирдиктүү аймак менен байланыштырып жатышат. Орусия президенти Д.Медведев Омскидеги сапары маалында бул уюмга Кыргызстан менен Тажикстанды күчтөп тартпайбыз деген эле. Ал ошондой эле «бул мамлекеттердин айрымдарынын башчыларына Орусиянын суроолору бар» деп айткан болчу.