Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

И. Исаковду №1 СИЗОдо жылуу кабыл алышты


Адвокат Азимбек Бекназаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Республикалык аскер сотунун 19-февралдагы чечиминен кийин которулган И. Исаковду №1 СИЗОнун кызматкерлери да, анда камалып отургандар да жылуу кабыл алышкан.

«И. Исаковдун абалы жакшы, эрки бекем, кайраттуу туруп, өзүнүн эч кандай күнөөсү жоктугун дагы да бекемдеп жатат. Анын бүгүнкү бийликтин саясий туткуну болуп жатканын баары түшүнүү менен кабыл алышты», - дейт Азимбек Бекназаров. А. Бекназаров И. Исаков менен 20-февралда абактан жолугуп чыккан.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаков 11-январда Бишкек аскердик соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылып, генерал-лейтенанттык чини алынган. 19-февралда Республикалык аскер соту мурдагы сот чечимин күчүндө калтырган. Генерал өзүнүн күнөөсү жоктугун, президент К. Бакиевдин башкаруу саясатына каршы чыккандыгы үчүн саясий куугунтукка кабылганын маалымдап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG