Мурунку коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин өкүлү Таалай Зикиров “Азаттыкка” учурда аталган комитеттин мүчөлөрү айылдарды кыдырып түшүндүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады. Алайда мурунку коргоо министрдин тарапкерлери 20-февралда жыйын куруп нааразылык акцияларды күчтөндүрүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Анда Оштон Бишкекке жөө жүрүш уюштуруу, Ош-Эркеч-Там жолун тосуу керектиги айтылган. Аскердик сот 19-февралда Бишкек гарнизондук сотунун И. Исаковго чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Сегиз жылга кесилген мурунку коргоо министри Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан биринчи СИЗОго которулган. И. Исаков кызматынан пайдаланып уулуна мыйзамсыз үй алып берген деп күнөөлөнүп жатат. Айыпталуучу бул иш-аракеттерди бийликтин саясий буйругу деп баалап келет. (EBM)