Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

АКШнын космос чөлмөгү Жерге аман – эсен кайтып келди


“Индевор” космос чөлмөгү эки аптага созулган саякатын аяктап, өткөн түнү Флоридадагы Кеннеди космос борборуна аман –эсен конду. Мунун алдында чөлмөктүн бортундагы алты астронавт 10 күндөй убакытты Эл аралык космос станциясында өткөрүштү. Америкалык астронавттар ачык космоско үч ирээт чыгуу менен космос станциясында жаңы модулду жана байкоо салуучу айнектүү палубаны орнотууга жардам беришти. АКШнын космос агенттиги – НАСАнын чөлмөктөрүнүн Эл аралык космос станциясына быйыл жыл соңуна чейин дагы төрт ирээт гана баруусу белгиленген. Мындан кийин алар пайдалануудан алынат. Ал эми Эл аралык космос станциясын камсыздоону Орусия, Европа, Жапониянын кемелери ишке ашырып турмакчы.

XS
SM
MD
LG