Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

БЭК билдирүү таратты


Бүгүн БЭК 20-февралда өткөн Улуттук Кеңештин кезектеги отурумун жыйынтыктаган билдирүү таратты. Анда расмий бийлик мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирген жагдайды, саясий, экономикалык жана социалдык чукул кырдаалды түздү, саясий эркиндиктер чектеди деп кескин сынга алынган. Оппозиция Ынтымак Курултайын бийликтин элди алагды кылуу аракети катары баалап, элди өздөрү уюштуруп жаткан Элдик курултайга чакырган, 17-мартка болжолдонуп аткан Элдик курултайдын катышуучуларынын сегиз маселе боюнча пикирин угууну каалаган. Алардын катарында электр кубатына, сууга, байланышка, көмүргө, күйүүчү майга баанын көтөрүлүшү, “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканалардын сатылышы, кен байлыктарды, жерлерди белгисиз компаниялардын менчиктештириши, Конституциялык реформа, президент Курманбек Бакиевдин “мамлекеттик каржы менен байлыктарды бүтүндөй бойдон өзүнүн баласынын колуна карматып койгону”, саясий репрессия жана саясий террор, Исмаил Исаков баштаган саясатчылардын сот жообуна тартылышы, “Манас” эпосуна укуктун Кытайга ооп кетип жатышы өңдүү маселелер аталган. Кайрылууда БЭК бул суроолорго Элдик курултайдын катышуучулары жооп берет деген ишенимин билдирген.
Оппозиция 20-февралдагы отурумунда Ынтымак курултайына катышпай тургандыгын жарыялаган. Ынтымак курултайы 23-мартта болот жана ага 750 делегат чакырылган. Алардын катарында оппозиция да бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG