Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Майлы-Сууда жер көчкү коркунучу туулууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлы-Суу шаарында көлөмү 1350 метр куб келген тектоникалык жер кыртышы көчүү коркунучун билдирди. Тынбай жааган жаандын кесепетинен улам жердин жылып кетүүсүнөн Майлы-Суу –Сары-Бээ жолу жабылып калышы ыктымал. Мындан тышкары жер кыртышынын көчүшү уран калдыктары көмүлгөн аймактарды ачып, андагы коркунучтуу таштандылардын агын сууларга кошулуу коркунучу туулууда. Кооптуу аймакка Майлы-Суу шаарынын жетекчилиги менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөл кылып жатышат.
Майлы-Суу шаарынан шайланган ЖК депутаты Бүмайрам Мамасеитованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда калк да отурукташкан. Анын айтуусунда аларды башка коопсуз жакка көчүрүү маселеси бир нече жылдан бери каралып, бирок аягына чыкпай келе жатат.
Майлы-Суу шаарында уран калдыктары сакталган 23 түйүн бар. Алардын көпчүлүгү Майлы-Суу дарыясынын баш жагында жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG