Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

БЭКтин жыйыны жылдырылды

Оппозициялык бириккен кыймылдын уюштуруу штабынын башчысы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыйын 24-февралда болот. Буга чейин БЭК 17-мартта өтүүчү Элдик курултайга даярдыктар тууралуу жыйынга бүгүн чогулары кабарланган эле. Оппозиция жыйынга элдик курултайга катышуу ниети бар башка коомдук-саясий күчтөрдүн, жарандык коомдордун өкүлдөрүн да чакырган. Белгилүү болгондой 20-февраль күнү БЭКтин Улуттук Кеңеши кыймылдын саясий бюросунун Элдик курултай өткөрүү демилгесин колдоп, президенттин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан Ынтымак курултайына болсо катышпай тургандыгын билдирген.(ZKo)
XS
SM
MD
LG