Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 23:26

Чыгыш Ооганстанда жардыруудан 14 адам мүрт кетти


Окуя бүгүн Ооганстандын чыгышындагы Нангахар вилоятында болду. Полициянын айтымында, ал жерде Пакистандан кайткан 200 качкын жергиликтүү аксакалдар менен жолугушуп жаткан учурда белине бомба байлаган жанкечти өзүн өзү жардырып жиберген. Өлгөндөрдүн арасында талиптерге каршы көзкарашы менен белгилүү жергиликтүү уруу башчысы Хажи Заман Гамшарик да бар экени кабарланды.

XS
SM
MD
LG