Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Тимошенко Янукович менен мунасага барбай турганын билдирүүдө


Региондор партиясынын лидери, мурдагы премьер- министр Виктор Януковичтин шайлоодогу жеңишин тааныбай жаткан азыркы премьер- министр Юлия Тимошенко кечээ кечиндеги телебилдирүүсүндө атаандашы менен кандайдыр бир коалицияга түзүүгө барбай турганын ырастады. Ошондой эле атаандашын Украинанын газ куурларын сатууну дароо эле баштаганы үчүн айыптады. Юлия Тимошенкону шайлоонун экинчи айлампасында 3,5% артыкчылык менен утуп алган Янукович президенттик кызматына расмий түрдө алдыдагы бейшемби күнү киришкени жатат. Тимошенко ошондой эле өз билдирүүсүндө Янукович бийликте көпкө кармала алалбасын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG