Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

АКШ Мамлекеттик катчысы НАТОну Орусия менен кызматташтыкка чакырды


Хиллари Клинтондун айтымында, НАТО жана Орусия коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын чыңдоосу керек. Орусияны камтыган мындай кызматташтык, АКШ Мамлекеттик катчысынын пикиринде, НАТОго альянстын чегинен чыгып кеткен коркунучтар, анын ичинде өзөктүк куралдын жайылышына, террорчулук менен каракчылыкка каршы турууда, кибер мейкиндиктин коопсуздугун сактоодо жардам берет.

Хиллари Клинтон Вашингтондогу Атлантика кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө ага катар Орусиянын Европадагы коопсуздуктун архитектурасы боюнча жаңы келишим түзүү сунушун четке какты. Вашингтон мындай келишим НАТОну алсыратат деп эсептейт. АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле Орусия да коопсуздук коркунучтарына кабылып жатканын, бирок НАТО Орусия үчүн андай коркунуч эместигин, Вашингтондун ракетадан коргонуу боюнча кайра каралган планы Орусияга каршы багытталбагандыгын белгиледи.

Ракетадан коргонуу боюнча кайра каралган планга ылайык, АКШ Румыния, Болгария жана башка жерлерде ракета кармоочу жабдууларын жайгаштырат.

XS
SM
MD
LG