“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда учурда Алай райондук бийликтин Гүлчөдөгү имаратынын жанында экс-министр, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаковду коргоо кыймылынын элүү чакты өкүлү турат. Алар бийликтен Исаковдун акталышын талап кылууну жана мындан аркы аракеттер тууралуу маалымдоону көздөп жатышат. Райондук милициянын башчысы Равшан Сыргаев экс-министрдин тарапкерлери арасында эч кандай мыйзам бузуу катталган жери жок деп билдирди.
Исмаил Исаковду Бишкек Горнизондук соту 11-январда 8 жылга эркинен ажыратып, аны Аскер Соту 19-февралда күчүндө калтырды. Ал учурда Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурат. (BuS)
Исмаил Исаковду Бишкек Горнизондук соту 11-январда 8 жылга эркинен ажыратып, аны Аскер Соту 19-февралда күчүндө калтырды. Ал учурда Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурат. (BuS)