Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Сопу-Коргондо он адам ачкачылык акциясын кайра башташты


Мындай билдирүү Алайдын борбору Гүлчөдө райондук администрациянын алдында И.Исаковду коргоо комитети уюштурган пикетте айтылды. Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун тарапкерлери буга чейин Аскер сотуна кысымчылык болбосун деген өңүттө ачкачылык акциясын токтотушканын, эми ал толук акталып чыкмайынча ачкачылык акциясын башташып, мындан кийин жөө жүрүш, атчан жүрүш, жол тосуу сыяктуу акцияларды өткөрүшөрүн билдиришти. Бул тууралуу Алай районуна барган Оштогу кабарчыбыз билдирди.
И.Исаков 11-январда Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан 8 жылга абакка кесилип, генерал-лейтенант наамынан ажыратылгандан кийин, анын он чакты тарапкерлери Сопу-Коргондо ачкачылык акциясын баштап, ага И.Исаковдун 86 жаштагы апасы Анипа Маматисаева да кошулган. Бишкекте СДПнын кеңсээсинде дагы ачкачылык акциясы улантылып, алтымыштан ашуун адам катышкан. 13-январда башталган ачкачылык акциясы Исмаил Исаковдун апелляциялык арызы Аскер сотунда карала тургандыктан, сотко кысым көрсөтпөө максатында убактылуу 9-февралда түшкө маал токтотулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG