Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

МТИМ К.Сарбаев Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жыйынына катышууда


Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады. Маалыматка караганда, бүгүн Брюсселде Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Анын алкагында Евробиримдик-кыргыз кызматташуусунун 11-жыйыны болуп, ага Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев катышты. Эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан маалымат жыйыны кыргыз тараптын суранычы боюнча болбой калды. Бул байкоочулардын баамында күтүүсүз жагдай болду.
Жакында Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Шанталь Эбберехттин Бишкекте билдиргенине караганда эки тараптуу жаңы программа иштелип жатат. Анын бюджети болжол менен 51 млн. еврого барабар. (AJ)

XS
SM
MD
LG