Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Карзай даттануу комиссиясын өзү көзөмөлдөйт


Ооган президенти Хамид Карзай Шайлоо боюнча даттанууларды текшерүү комиссиясын өз көзөмөлүнө алды. Тиешелүү өзгөртүү өлкөнүн мыйзамына киргизилди. Өткөн жылкы президенттик шайлоодо комиссия Карзайга берилген жарым миллиондон ашуун добушту санабай койгон. Добуш берүү көптөгөн бурмалоолор менен коштолгон эле. Эми мамлекет башчы комиссиянын бардык 5 мүчөсүн дайындайт. Мурдагы жобого ылайык, 3 кишини Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясы аныктачу. Мындай өзгөртүү парламенттик шайлоо алдында киргизилип отурат. Өнөктүк 22-майга пландалып, бирок кийин 4 айга жылдырылды.

XS
SM
MD
LG