Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Сопу-Коргондо ачкачылык акциясы уланууда


Ачкачылык жарыялагандар мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун ишин карап жаткан Аскердик сотко кысым болбосу үчүн буга чейин акциясын токтотушкан болчу. И. Исаковдун тарапкерлери кечээ Алайда акимчиликтин имаратынын алдында пикетке чыгышты. Анда мурдагы коргоо министри бошотулмайынча нааразылык акциялар улантыла берери айтылды. 19-февралда Аскердик сот мурдагы коргоо министрин сегиз жылга кескен Бишкек гарнизондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. И. Исаков кызматынан пайдаланып уулуна мыйзамсыз үй берген деп айыпталып жатат. Ал өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна албай, саясий буйрук деп баалоодо. (EBM)

XS
SM
MD
LG