Бүгүн өкмөт үйүндө уюштурулган маалымат жыйынында кабарланганга караганда Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна катышуу үчүн 27-февралда Москвага барат. Москва жыйынында 14 маселе каралары күтүлүүдө. Алардын катарында Ленин атындагы автомашина куруу, “Дастан” заводдоруна, “Камбар-Ата-1” ГЭСине, Бажы биримдигине, аскерий-гуманитардык кызматташтыкка байланышкан маселелер бар.
Данияр Үсөнов ошондой эле маалымат жыйынында Кыргызстан көп векторлуу кызматташтыктын нугу менен баратканын белгилеп, буга мисал катары кошуна Кытай, Казакстан, Өзбекстан менен кызматташтыктын айрым өңүттөрүн белгиледи. Буга чейин жергиликтүү жана эл аралык талдоочулар Кыргызстандын тышкы саясатын сынга алып, ириде Орусия менен мамилеси начарлап кеткендигин айтып келишкен. (BuS)