Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:52

Өкмөт уюлдук компаниялардын ишине киришпейт


Өкмөт башчы Данияр Үсөнов бүгүн ушундай билдирүү жасады. Үсөновдун айтымында өкмөт уюлдук байланыштар рыногунда монополист пайда болгон шартта гана аны Монополияга каршы мыйзамдын чегинде тескей алат. Өкмөт башчы маалымат жыйынында уюлдук байланыштарга 470 млн. доллар менчик инвестициялар киргизилди, байланыштын наркы 1 доллардан 10 центке чейин арзандады, ошол эле мезгилде бул тууралуу кеп кылган киши жок деди.
Билайн, Мегаком, Фонекс мобилдик байланыш операторлору 1-февралдан баштап ар бир чалуу үчүн бааны 60 тыйынга көтөргөн. Муну Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясы өзүм билемдик катары баалап, бул маселени териштирүүнү өкмөткө сунуштаган. Баанын көтөрүлүшүнө макул эместигин СДП фракциясы да билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG