Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Ирак казынасына мунайдан ири киреше түшүүдө


Январда Ирак мунай экспортунан 4 миллиард доллардан ашуун киреше алды. Мунай министрлигинин маалымат катчысы билдиргенине караганда, Басрадагы терминалдан тыш өлкөлөргө 45 миллион баррел кара май жөнөтүлсө, Киркуктагы кенден 14, 7 миллион баррель экспорттолгон. Ирак күнүнө 2,4 миллион баррель мунай өндүрөт, анын 2 миллиондойу сыртка сатылат. Мунай экспортунан түшкөн каражат мамлекеттик кирешенин 85 процентине жакынын түзөт. Ирак кара май запастары боюнча Сауди Арабия менен Ирандан кийинки 3-орунда турат. Өлкө болжолу менен 115 миллиард баррел мунайга ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG