Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мурдараак Социал-демократтар партиясынын парламенттеги тобунун лидери, депутат Роза Отунбаева өкмөт башчы Данияр Үсөновго кат жолдоп, анда өкмөттү коррупциялык схема менен элге каршы иштеп жатат деген доо койгон. “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком” ишканалары мыйзамсыз менчиктештирилди деп, Данияр Үсөновду кызматтан кетүүгө чакырган.
Депутаттын катын алгандыгын билдирген Данияр Үсөнов оппозициянын мындай сындарына дагы беш жыл чыдаарын, депутат сунуштаса эле кызматын таштап кете бербесин белгиледи. (BuS)
Депутаттын катын алгандыгын билдирген Данияр Үсөнов оппозициянын мындай сындарына дагы беш жыл чыдаарын, депутат сунуштаса эле кызматын таштап кете бербесин белгиледи. (BuS)