Бул Индия жана Пакистандын мартабалуу өкүлдөрүнүн 2008-жылкы Мумбайдагы террордук кол салуулардан берки биринчи ырасмий кездешүүсү. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери терроризмге каршы күрөшүү маселесин, талаштуу Кашмир штатындагы кырдаалды талкуулашууда.
Дели 2008-жылы Исламабад менен ырасмий сүйлөшүүлөрдү токтоткон жана Пакистандан өз территориясындагы Мумбайдагы чабуулга катыштыгы бар согушчандарга каршы чечкиндүү чара көрүүнү талап кылган. Мумбайдагы калабада 170тен ашуун адамдын каны төгүлгөн.