Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Маржада жеңиштин урматына Ооганстандын туусу орнотулду


Ооганстандын түштүгүндөгү Гелманд провинциясындагы талиптерден бошотулган Маржа шаарчасында Ооганстандын туусу көтөрүлдү. Салтанатка НАТОлук күчтөрдүн курамындагы британ аскер башчылары жана ооган командирлер катышты. Талиптердин ордо-чебин алуу жана апийимдин Ооганстандагы эң чоң базары болгон Над Али аймагын курчоо операциясы 12 күн мурда башталган. Ага НАТО, АКШ жана Ооган армиясынан болуп, 15 миңдей кол катышууда. Бул 2001-жылы талип өкмөтү кулатылгандан берки эң чоң операция.

XS
SM
MD
LG