Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

ТИМ кыргызстандык учактын Иранда кармалышы боюнча маалымат берет


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. 23-февралда "Кыргызстан" авиакомпаниясына таандык “Дубай - Бишкек” каттамындагы Боинг учагын Иран өз аба майданына мажбурлап кондурган. Тегерандын атайын кызматы суннилердин "Жүндалла" уюумунун лидери деп шектелген Абдулмалик Риги аттуу адам менен дагы бир жүргүнчүнү түшүрүп калышкан. Ал арада Расмий Вашингтон Кошмо Штаттар ирандык сунниттердин “Жүндалла” тобуна колдоо көргөзөт деген айыпты четке какты. Тегеран АКШнын дарегине мындай айыпты А. Риги камалгандан кийин билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG