Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Сопу-Коргондо ачкачылык акциясы токтоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алай райондук комитеттин өкүлү Таалай Зикиров билдирди. Аймакта жаңы нааразылык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык жүрүп жатканын айтты. Т. Зикиров комитеттин айрым мүчөлөрүнө жергиликтүү бийлик кысым көрсөтүп жатканын белгиледи. Алай райондук акимчиликтин өкүлдөрү мындай дооматты четке кагууда. 19-февралда Аскердик сот И. Исаковду сегиз жылга кескен Бишкек гарнизондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан биринчи СИЗОго которулган. Мурдагы коргоо министри кызматынан пайдаланып уулуна квартира берген деп айыпталууда. И. Исаков муну өзүнүн оппозициядагы саясий ишмердүүлүгү менен байланыштып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG