Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Өкмөт өкүлдөрү Нарында эл менен жолугушту


Энергетиканын баасы кымбаттаганына нааразылык иретинде уюштурулган митингден кийин 25-февралда социалдык камсыздоо агенттигинин башчысы Назгүл Ташпаева, каржы министринин, социалдык фонд төрагасынын орун басарлары, энергетика министринин баа саясаты департаментинин жетекчиси, “Чыгыш электро” ишканасынын башкы жетекчиси эл менен жолугушту. Жыйын Нарын шаарындагы облустук драма театрынын имаратында өттү, жыйналгандар өкмөт мүчөлөрүнө өтө курч суроолорду беришип, бирок аларга берилген жоопко канааттандырарлык жооп ала алышкан жок. Өкмөт мүчөлөрү бийик тоолуу шартта электр энергиясынын акысы үчүн жеңилдиктер берилбесин, бул үчүн өкмөт тарабынан айлык, пенсия-пособияга кошумча акча берилип жаткандыгын гана билдирип тим болушту.
24-февралда Нарын шаарында 2000ге чукул киши энергетикага баалардын жогорулашына нааразы болуп, митингге чыгышкан. Алар өкмөткө электр энергиясынын баасын төмөндөтүү талабын коюп, бул талап 10 күндүн ичинде аткарылбаса, түрдүү нааразылык акцияларын баштай тургандыгын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG