Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Жаштар 24-мартты утурлай жыйын курат


"Эркин муун" либерал жаштар альянсы ыңкылаптын 5 жылдыгын утурлай үч күндүк жыйын курат. Иш-чаранын биринчи күнүндө белгилүү коомдук ишмерлер жана серепчилер: Ишенбай Абдуразаков, Тамерлан Ибраимов, Элмира Назарбаева, Марс Сариев өндүү адистер жаштарга ыңкылаптын келип чыгыш себептери, түрлөрү тууралуу дарс окушат. Жыйындын экинчи жана үчүнчү күндөрү жаштар өз алдынча 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда элдик ыңкылап ишке ашканбы же кадимки төңкөрүш орун алганбы чечмелегенге аракет кылышат. Мындан тышкары жыйын соңунда либерал жаштар өлкөдө болуп жаткан соңку окуяларга өз баасын беришет. "Эркин муун" либерал жаштар альянсынын теңтөрагасы Урмат Казакпаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жыйын марттын орто ченине белгиленип жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG