Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:05

Нарында «Алмаз-Нарын» үналгысын коргоо кыймылы түзүлдү

Мындай маалыматты коргоо кыймылынын төрайымы Канайым Бердибаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында «Эл уккусу келет» аттуу акция 1-марттан тарта башталып, «Алмаз-Нарын» үналгысы кайрадан обого чыкканга чейин уланып, үналгыны калыбына келтирүүнү камсыздоо үчүн каалоочу жарандардан 10 сомдон каржылык жардам топтоо акциясы уюштурулмакчы.
24-февраль күнү Нарын шаарында электр наркынын кымбатташына карата каршылык митинг өткөн. Ушул эле күнү саат күндүзгү тогуздан он бирге чейинки маалда «Алмаз-Нарын» үналгысынын кымбат баадагы үн таратуучу кабели белгисиз адам тарабынан кесилип кеткендиктен улам үналгы обого чыкпай калган. Бул жергиликтүү үналгы аркылуу «Азаттык», «Немец толкуну», «Би-Би-Си», «Америка үнү» радиолорунун уктуруулары берилип келет. (KUs)
XS
SM
MD
LG