Босниялык сербдердин мурдагы генералы 1995-жылы Сребреницада мусулмандарды кырганга катышкан деп айыпталууда. Маалыматка караганда, Толимир жетектеген бөлүк 1700 мусулманды кырган операцияны башкарган. Анын иши - мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча Гаага сотунда каралып жаткан азырынча акыркы иш.