Этникалык кыргыздардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын биринин жетекчиси Cалахитдин Юлдашев “Азаттыкка” маалымдашынча, Ош шаарында жана облусунда Тажикстандан көчүп келген жети жүздөн ашуун кандаштары жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандыгын алыша элек. Ошол себептүү турак жай, жер жана жумушка жайгашуу маселелери олуттуу кыйынчылык жаратууда. Ушул көйгөйлөрдү алдыдагы ынтымак курултайында көтөрүү үчүн Бишкекке өкүл шайлаганга ниеттеништи эле, тилекке каршы, жергиликтүү бийлик алардын пикири менен эсептешкен жок.
Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик Тажикстандан оогон этникалык кыргыздардын саны аздыгын, ошентсе да, алардын өкүлүн президенттин квотасы аркылуу курултайга катыштыруу аракети жасалып жаткандыгын айтууда. (ATo)