Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Тажикстанда шайлоо өтүп жатат


Тажикстанда парламенттик жана жергиликтүү шайлоо өтүп жатат. Кабарларга караганда, президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы жеңет деп азыртадан эле айтса болот. Бийликтеги партия парламенттин төмөнкү палатасында 50 мандатка ээ. Палатадагы депутаттардын жалпы саны 63 кишини түзөт. Душанбедеги шайлоо участкасында добуш берип жатып, Рахмон бул өнөктүк өлкөнүн экономикалык жана социалдык түрмүшүнда маанилүү роль ойнойт деп белгиледи. Шайлоо канчалык демократиялык болсо, Тажикстандын дүйнөлүк аренадагы аброю ошончолук көтөрүлөт, - деди президент. Арийне, байкоочулар шайлоодогу атаандаштыктын дээрлик жоктугун белгилешүүдө. Шайлоого ошондой эле коммунисттер жана Ислам кайра жаралуу партияларынын талапкерлери катышууда. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму шайлоого көз салуу үчүн 200дөй байкоочусун жиберген. Өнөктүк алдында уюм шайлоо кампаниясындагы кемчиликтерди сындаган. Батыштын байкоочулары Тажикстандагы буга чейинки бир да шайлоону адилет жана калыс өттү деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG