Кыргызстан Орусиядан жарандык авиация, айыл чарба техникасын, автоунаа сатып алууну караштырып жатат. Бул маселе 27-февралдагы кыргыз-орус өкмөттөр аралык Москва отурумунда талкууланганын ИТАР-ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка караганда отурумда Орусиянын өнөр жай, соода министрлиги жарандык авиация техникасын, ТУ-204, АН-148, Ил-76, ТУ-204С өңдүү жүргүнчү ташуучу, жүк ташуучу учактарды берүү мүмкүнчүлүгүн байкаштырарын айткан.
Ошондой эле издөөчү-куткаруучу Ми-8АМТ үлгүсүндөгү эки, вип-салону менен бир тик учманы берүү боюнча макулдашуу долбоорун даярдоо Орусия менен Кыргызстандын тиешелүү министрликтерине тапшырылды. (BuS)