Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Европада урагандан бери дегенде 50дөй адам каза тапты


Океан тараптан келген катуу шамалдын жана аны коштогон суу ташкындын негизги соккусуна Франция кабылды. Каза тапкан 50 адамдын кырк беши - Франциянын Батыш бөлүгүнүн, Антлантика океанынын жээгиндеги райондорунун тургундары. “Ксинтия” деп аталган ураганга ишембиде Португалия менен Испания да кабылып, ал жерде төрт адамдын өмүрү кыйылган. Андан соң шамалдын күчү Германия, Нидерландия, Дания тарапка оогон эле. Германияда кулаган дарак басып, бери дегенде бир адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG