Жыйынга Нарын облусунун губернаторунун орун басарлары, Нарын шаар мэри, бир катар партиялардын өкүлдөрү, коомдук уюмдардын лидерлери жана 24-февралда Нарын шаарында өткөн митингдин уюштуруучулары катышты. Тараптар негизинен бир пикирге келишип, электр кубатына болгон бааны төмөндөтүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары жана губернатор менен жолугушууларды өткөрүү, «Алмаз-Нарын» үналгысынын кабелин уурдагандарды табуу талаптары айтылып, 23-мартка белгиленген Ынтымак курултайында Нарын шаарынан жарандык коомдон шайланган өкүлгө сөз бердиртүү талкууланды. Бирок бир катар жарандар электр кубатына болгон баа төмөндөбөсө, эл кайрадан митингге чыга тургандыктарын билдиришти. (KUs)