Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Обаманын дарыгери: президенттин саламаттыгы мыкты


АКШ президентинин жеке доктуру Барак Обама тамеки тартуудан баш тартпаса да, анын саламаттыгы мыкты деп билдирди. Жеффри Кулман Обаманы алгачкы жолу текшерүүдөн өткөрүп, президент "кызматын аткарууга жарамдуу" деген тыянагын жарыялады. Дарыгер аны чылым чекпөөгө үндөдү. Президент ошондой эле тизесинин өнөкөт оорусун айыктыруу үчүн ушу тапта дары ичип жатат. Обаманын салмагы 82 килограмм, боюнун узундугу 1 мерт 85 сантиметр, анын кан басымы жана башка медициналык көрсөткүчтөрү нормада, - деди Кулман. Кийинки текшерүүдөн Обама 2011-жылдын августунда, 50 жашка чыккандан кийин өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG