Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Жеңүүчү жаш дизайнерлер чет өлкөгө барышат


Бишкекте жеңил өнөр жай тармагы боюнча өткөн көргөзмө-жарманкеде жеңүүчү болгон жаш дизайнерлер Париж, Нью-Йорк жана Орусияда өтө турган сынакка жолдомо алышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы Женил өнөр жай ассоциацясынын төрагасы Сапарбек Асанов кабарлады. Анын айтымында, калыстар тобунун курамына Орусия, Казакстандын белгилүү дизайнерлери чакырылган. “Учурда республика боюнча 926 өнөр жай ишканасы, анда 158 миң адам иштейт. Бүгүнкү күндө бизден чыгып жаткан товарлардын сапаттык деңгээлин сактоого аракет жасап жатабыз”, - дейт С.Асанов.

Бир аптадан бери өтүп жаткан көргөзмө-жарменке Женил өнөр жай ассоциацясы жана “Дизайн мода” агенттиги менен чогуу уюштурулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG