Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

14 жаштагы кыздын туугандары кайрымдуулук күтөт


14 жаштагы Таңсулуу Бирмат кызы тубаса майып болуп төрөлгөн. Анын буга чейинки дарылануусу жыйынтык бербегенин апасы Гүлмира Осмоналиева “Азаттыкка” билдирди. Таңсулуунун бою 90 см. Денеси өсүп кетип, буттары денесин көтөрө албай калган. Анын туугандары профессор Сабырбек Жумабековго кайрылып, чучуктуу сөөктөрдүн тубаса өспөй калгандыгы аныкталган. Таңсулуунун туугандары, ата-энеси операцияга керектелчү кымбат жабдыктарды Украинадан алып келүү керектигин, ага жардам берчү, кайрымдуулук кылчу адамдарды издеп жаткандарын билдиришет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG