Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Адвокат Бекназаров Конституциялык Сотко кайрылат


Бул максатта ал 8 жылга эркинен ажыратылган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланышкан протоколдор менен кечээ таанышып бүттү. Оппозициядагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда Конституциялык Сотко ал Исаковдун иши менен кошо өзү адвокат болгон Балыкчы, Петровка иштери боюнча мыйзам бузууларды жалпылап туруп берет. Буга соттук териштирүүлөрдө айыпталуучулардын сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу кайрылууларына судьялардын макулдук бербей коюшу негиз берүүдө. Маселен, 19-февралда Аскер Соту экс-министр Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын кароо учурунда айыпталуучунун ишеним көрсөтпөө сунушун негизсиз деп таап, Бишкек Гарнизондук Соттун өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин чыгарган. Муну адвокат Конституцияны одоно бузуу деп эсептейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG