Бинямин Нетаняху менен катар Израилдин чалгын кызматы – Моссаддын башчысы Меир Даганды да камакка алууну көздөшөрүн Дубайдын полиция башчысы Дахи Халфан Тамин билдирген. “Ал-Жазира” телеканалынын маалыматына караганда, Дубайдын полиция башчысы жогорудагыдай мүдөөсүн палестиндердин Хамас тобунун жетекчилеринин бири Махмуд ал-Мабхух Израилдин атайын кызматтарынын агенттери тарабынан өлтүрүлгөнүнө алар дээрлик ишенип турганына негиздеген. Махмуд ал-Мабхух жакында Дубайдын кымбат баалуу мейманканаларынын биринде киши колдуу болгон эле. Израил тарап бул кылмышка тиешеси бар-жогун ырастай да, төгүндөй да элек.