Бүгүн Конституциялык соттун судьясы Өмүрзак Мамыров укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын доо арызы боюнча аталган сот чыгарган чечим тууралуу түшүндүрмө берди. Эми тынч жыйындарды жергиликтүү бийлик органдарына алдын ала кабарлап каалаган жерде, каалаган убакта “Тынч жыйындар тууралуу” мыйзамдын нормаларына ылайык өткөрсө болоорун айтты. Бул нормаларга ылайык, акциялар өтө кооптуу өнөр жайлардан элүү метр, эл аралык жана мамлекеттик маанидеги жолдордон, президенттин, премьер-министрдин резиденциясынан, Жогорку Кеңештин имаратынан отуз метр алыс өткөрүлүшү керек. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмдун башчысы Төлөкан Исмаилова жарандардын тынч жыйындарга чогулуу тууралуу мыйзамдын 3-беренеси жана Бишкек шаар жетекчилигинин тынч жыйындар үчүн өзүнчө жер белгилөө боюнча токтому Баш мыйзамга каршы келет деп сотко кайрылган. Ө. Мамыровдун маалымдашынча, аталган мыйзамдын үчүнчү беренеси алынып салынды. Шаар жетекчилигинин акцияларды ат майданда өткөрүү тууралуу токтому да жокко чыгарылды. (EBM)