Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Грузин оппозициясынын лидери Москвага барды


Грузиянын оппозициядагы кыймылынын лидери Нино Буржанадзе орус жетекчилиги менен жолугушуу үчүн Москвага жөнөп кетти. Бирок парламенттин мурдагы спикери Буржанадзе ким менен кездешээрин тактаган жок. Тбилиси аба майданында чогулган журналисттерге ал "ири саясий иштерге" аралашаарын айтып, кеп революция жөнүндө жүрүп жатканын тактай кетти. Буржанадзе буга чейин Грузиянын азыркы бийлигин шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүн эмес экенин айтып келген. "Президент Саакашвилини адегенде кетирүү керек, андан кийин гана шайлоо өткөрсө болот", - деген саясатчы. Москвага бир нече ирет барып келген оппозиционер Зураб Ногайделини Саакашвили "душмандын көмөкчүсү" деп атаган.

XS
SM
MD
LG