Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Жарандык коом кымбаттатууларга каршы кол топтоону баштады


«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын бүгүн маалымат жыйынында билдиргени боюнча ушул тапта беш миңге чукул киши жаңы жылдан тарта өкмөт тарабынан киргизилген кымбаттатууларга каршылыгын билдирип, кол коюп беришкен. Демилгечилер энергетикага, байланышка баалар жогорулатылганына байланыштуу башка товарлар, кызмат көрсөтүүлөр да кымбаттап жаткандыгын белгилешип, өлкөнүн экономикасын жөндөй албаган бийлик бааларды көтөрүү менен өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөп жатат деп эсептешет.
Жарандык коом тарабынан уюштурулуп жаткан кол топтоолор кымбаттатууларга гана эмес, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө, Башмыйзамды бийликтин «өзүм билемдик» менен өзгөртүүсүнө да каршы жүргүзүлүүдө.
Кыргыз өкмөтүнүн башына Д. Үсөнов келгенден көп өтпөй, 2009-жылы ноябрь айында 2010-жылдан тартып электр энергиясына 2 эсе, ысык сууга жана жылуулукка бааны 5 эсе көтөрүү тууралуу токтом кабыл алган. Ушул эле токтомго ылайык 1-июлдан тарта электр энергиясынын 1 кВт сааты 1 сом 90 тыйынга, ал эми ысык суу менен жылуулуктун 1 ГКаллы дагы 5 эсе кымбаттамак болгон. 1-февралдан баштап Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору ар бир телефон чалуулар үчүн 60 тыйындан акы ала башташты. Бишкек шаар кеңеши 1-марттан тартып муздак суу менен канализацияга алынуучу акыны жогорулатты. «Кыргыз газ» ишканасы июль айынан тартып көгүлтүр оттун баасын кымбаттатууну көздөөдө.
Кыргыз өкмөтү баалардын кымбатташын энергетика тармагын оңдоп-түзөө зарылчылыгына байланыштырган. Ошондой эле буга байланыштуу калктын аялуу катмарына ай сайын 200 сомдон берилүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG