Бүгүн Петровка башаламандыгына байланышкан соттук отурумда камактагы оппозиция өкүлдөрү Э. Бөлөкбаев менен С. Аргынбаев өздөрүнө каршы көрсөтмө берип, бирок сотко качып келбей жаткан 9 күбөнү табуу туурасында өтүнүч кылышты. Мамлекеттик айыптоочулар аларды сотко чакыруунун зарылчыгы жок деп белгилешкен менен төрага Ф. Марлес 9 күбөнү тең тезинен таап, сотко чакыруу чечимин чыгарды. Соттук териштирүү аяктап бараткандыгына байланыштуу учурда камакта жаткандар көрсөтмө беришүүдө. Бирок жакынкы аралыкта кылмыш ишине тиешелүү видео, аудио тасмалар жана фото сүрөттөр көрсөтүлүп, камактагылар кошумча көрсөтмө беришет. Сот эртең 5- мартта улантылат. (JJ)